Кыргызпатент жаш калемгерлердин «Саамалык – 16» адабий жыйнагынын бет ачар аземин өткөрдү

Бүгүн, 20-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Кыргызпатент жаш калемгерлердин «Саамалык – 16» адабий жыйнагынын бет ачар аземин өткөрдү.

Жаш авторлордун алгачкы чыгармалар топтомун чыгаруунун максаты — калемгерлердин чыгармачылыгын колдоп, тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү жана шык-эргүү берүү болуп саналат.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, жаш калемгерлердин  “Саамалык” аркылуу тушоосу кесилип, эртеңки күнү жылдызы жанып, эл арасында белгилүү акын-жазуучу болуп чыгарына үмүттөнөрүн, авторлордун чыгармачылыгынын өнүгүшүнө Кыргызпатент ар качан колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди.