Нуржигит Кадырбеков мигранттардын балдары үчүн онлайн мектеп ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мигранттардын балдары үчүн онлайн мектеп ачууну сунуштады.

«Биздин чет жакта жүргөн мигранттар бутуна туруп жатат. Бирок учурда тилди жана маданиятты сактоо маселеси турат.

Египетте, Иорданияда, Түркияда, Россияда жергиликтүү мектептерге балдарын киргизе албаган үй-бүлөлөр бар. Кыргызстан алар үчүн онлайн мектепти уюштурса болот. Мисалга, Малайзияда мындай тажрыйба колдонулуп келет», – деди ал.

Эл өкүлү кандайдыр бир чара көрүлбөсө мигранттардын балдары биздин тилди жана маданиятты унутуп калышы мүмкүндүгүн баса белгиледи.