Акылбек Жапаров Америкада жумушчу сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (Америка Кошмо Штаттары) жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат, ошондой эле Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.

Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген.