Бишкектин айрым жеринде жарык өчөт

Бүгүн, 20-апрелде, Бишкектин кээ бир жеринде жарык өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» кабарлады.

Маалыматка караганда, атайын бригада трансформаторлорду оңдоп, дарактарды бутап жана башка иштерди аткарат.

График:

9:00-16:00 — Келечек (Келечек көчөсү менен Дорожный туюк көчөсүнүн кесилишиндеги № 14 үй) конушунда;

9:00-17:00 — Термечиков (Арча-Бешик конушунда), Лев Толстой, Фрунзе, Ломоносов, Тыныстанов, Жумабек, Баетов, Раззаков, Токтоналиев (№6Б, 6В үйлөр) көчөлөрүнүн жана Эркиндик менен Жибек жолунда. 6-кичи райондун бир бөлүгүндө (№1, 2/1, 2/2, 10 үйлөрдө);

9:30-17:00 — Уфимский жана Гвардейский туюк көчөлөрүндө;

1:00-17:00 — Орто-Сай (Лесхозная көчөсү) менен Байтик баатыр көчөсүндө;

13:00-17:00 — Осмонкул, Никитин көчөлөрү, Жибек жолу проспектиси жана Речной туюк көчөсү менен чектешкен аймакта. Дордой жана Көк-Жар (Босого көчөсүндөгү № 20, 28 жана 32 үйлөр) конуштарында.