Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды

ИИМ:Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды

Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбековдун жолугушуусу өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуунун мындан аркы жолдору талкууланды.


Тараптар 2021-жылы Бишкекте өткөн Түркия-Кыргызстан бирдиктүү экономикалык комиссиясынын 10-отурумунун жыйынтыгы боюнча өз пикирлери менен бөлүшүштү. Андан сырткары, ушул жылы эки өлкөнүн президенттеринин төрагалыгы алдында өтө турган Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин отурумуна даярдануунун жүрүшүнө дагы токтолушту.
Жолугушуу учурунда Түркияда террористтик уюм катары таанылган FETÖ уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелер, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары дагы ишке ашыруу талкууга алынды.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 07.06.21 1 Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды
WhatsApp Image 2022 04 20 at 07.06.20 Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды
Түркиянын вице-президенти Фуат Октай ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды

ИИМдин Басма сөз кызматы