Садыр Жапаровдун Бакудагы иш сапарынан фоторепортаж

0
127

 Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы “Ардак аллеяга” барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин элесин анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.

Андан соң, Кыргызстандын делегациясы Ардактуу кароол тизилген “Шейиттер аллеясына” барышты. Президент Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.