Садыр Жапаров Бакуда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат

0
27

Президент Садыр Жапаров 19-апрелде, расмий сапар менен Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Г.Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.