Ташиевдин балдарынын ишин ачыктаган Болот Темировго үч кылмыш иши козголду

Журналист Болот Темировго дагы үч кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.

“Достор, билесиңерби, бийлик тарабынан бизге ар тараптан ар кандай кысым болуп жатат. Өзүңөргө белгилүү болгондой, январь айында биздин командага Камчыбек Ташиевдердин үй-бүлөсү маски-шоу жасап, бардык кеңсе буюмдарын алышкан.

Бирок, биз токтоп калган жокпуз, биз ишти кайрадан улантып жатабыз.

Кэчээ жакында биз Камчыбек Ташиевдин баласынын алгачкы тендердеги жеңиштерин айтып чыкканбыз. Ага бат эле жооп келди. Мени милицияга чакырышып дагы үч кылмыш иши козголгонун жарыялашты. Үчүнчү ишти эртең мененки саат он бирде ачышкан.

Булардын баары бизге каршы кылынып жатканынын себеби, алардын кыңыр иштерин ачыктап жатканындабыз, – деп билдирди Темиров.

image 22 Ташиевдин балдарынын ишин ачыктаган Болот Темировго үч кылмыш иши козголду

Буга чейин Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялап, укук коргоо органдары Temirov Live редакциясында тинтүү жүргүзүп, “наркотикалык зат табылды” деген шек менен иликтөөчү журналистти кармаган.

Ташиев Темировдун кармалышын анын ишмердигине байланыштырбай, иликтөөнү “карандай калп” деп атаган.

Ошол эле күнү Temirov LIVE менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаров да кармалып, кийин экөө тең кое берилген.

Жарандык коом жана маданият өкүлдөрү алардын кармалышын «сөз эркиндигине басым жана куугунтук» деп баалап митингге чыгышкан. ​