ИИМдин Академиясынын студенттери кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү

19-апрель күнү ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан билим берүү боюнча факультетинин 1-курсунун студенттеринин демилгеси менен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Студенттер Бишкек шаарында жайгашкан балдарды өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо реабилитациялык мамлекеттик борборуна барышкан.

Бул борборго жуунучу жана жеке гигиеналык каражаттарды, башка зарыл болгон буюмдарды тапшырып келишти. Аталган мекеменин администрациясы ИИМдин Академиясынын жетекчилигине жана студенттерине ыраазычылыгын билдирди.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы