Украинадагы согушта дагы бир кыргызстандык аскер каза болду

0
79

Исламжон Камиловдун өлүмү тууралуу маалыматты Орусия элчилигинин коргоо боюнча атташесинин кеңсеси билдирди.

Исламжон Камилов Орусиянын жараны, Куралдуу күчтөрдүн контракт боюнча аскер кызматкери болгону такталган.

Дипломатиялык өкүлчүлүк маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Буга чейин атайын операция учурунда түбү кыргызстандык дагы эки жараны Рустам Зарифуллин менен Эгемберди Дорбоев көз жумган.

Украина менен Орусия ортосундагы жаңжал 2022-жылдын 24-февралында башталган. БУУнун соңку маалыматы боюнча, Украинадан 4,5 миллиондон ашуун жаран чыгып кеткен.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.