Кургак учук ооруканасынан качкан бейтаптын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 19-апрелде  Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан З.Р. аттуу 44 жаштагы жаран качып чыгып (мас абалында), Батырканов атындагы каналга өзүн таштагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, айтылган дарек боюнча издөө-куткаруу отрядынан 12 куткаруучу тартылып, сууга аккан жарандын сөөгү табылып,  бир-туугандарына өткөрүп берилген.