Баалуу металлдарды ташып жаткандар колго түштү

Баалуу металдарды мыйзамсыз алып чыгуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-апрелинде Манас эл аралык аэропорту ААКнын Ош филиалынын чыгуучу залында Ош-Бишкек багыты боюнча учууга аракет кылып, бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда М.Л.К., М.Т.Т., Н.Н.К. жана М.Н.К. аттуу Өзбекстан Республикасынын жарандарынан сары металдан кол өнөрчүлүк менен жасалган буюмдар табылган.

«Болжол менен алтындан жасалган бул кол чынжырчалардын салмагы 1925,22 граммды түзөт. Белгилей кетсек, жогоруда аталган адамдар Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын аймагына “Достук” өткөрүү пункту аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүп, алтын буюмдарын мыйзамсыз алып өтүшкөн»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жогоруда аталган адамдар кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле сотко чейинки тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.