Бишкекте уруксатсыз дары-дармек саткан 30 дарыкана аныкталды

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрелден 10-майга чейин Кыргызстандын аймагындагы дарыканаларга, дарыкана пункттарына жана күркөлөргө карата лицензиялык талаптарды сактоо боюнча лицензиялык-көзөмөлдөө чаралары жүргүзүлүүдө.

«Натыйжада борбор калаада уруксаты жок дары-дармек саткан 30 дарыкана аныкталды. Аныкталган юридикалык жана жеке жактарга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде чаралар көрүлүп жатат», — деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлиги.

Мындай текшерүүлөр республиканын башка аймактарында да жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин белгилешти.

Текшерүүнү Саламаттык сактоо министрлиги, Дары-дармек жана медициналык техника департаменти менен биргеликте жүргүзөт.