Баткенде жаран документтери жок 116 куту, 174 миң даана дарыларды ташып баратканда кармалды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 9-апрелинде контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун Алга айылынын “Ош-Разаков” унаа жолунда Лейлек районунун Арка айылынын 1991-жылы туулган тургуну, КР М.А.З. аттуу жаранын башкаруусундагы мамлекеттик номуру 03KG 136ADL болгон “Фольксваген ЛТ” үлгүсүндөгү унаа эч кандай жүк ташуу документтери жок контрабандалык 116 куту, 174 миң даана ампула дары-дармектер менен кармалды.
“Алдын ала эсептөө боюнча, кармалган жүктүн суммасы 4 миллион 350 миң сомду түзөт.
Кармалган унаа бажы терминалынын аймагына коюлуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле бул аткезчиликке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.

bbbb992c d8eb 42f1 8abb 1fbf108b8f35 Баткенде жаран документтери жок 116 куту, 174 миң даана дарыларды ташып баратканда кармалды
4fe7792f b066 4774 b5f0 2d119f7ca528 Баткенде жаран документтери жок 116 куту, 174 миң даана дарыларды ташып баратканда кармалды
3588e6e9 be30 42f1 9733 feec96b57986 Баткенде жаран документтери жок 116 куту, 174 миң даана дарыларды ташып баратканда кармалды
c4bbb26d d300 4f70 86e0 285a84842a76 Баткенде жаран документтери жок 116 куту, 174 миң даана дарыларды ташып баратканда кармалды
ace48cfa d329 47ce 825b de9d3a09f4dc Баткенде жаран документтери жок 116 куту, 174 миң даана дарыларды ташып баратканда кармалды