Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарындагы өспүрүмдөр арасында “Дарыканалык баңгиликти” жок кылууга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте “дарыканалык баңгиликти” алдын алуу боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
“Күчтүү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча жарандардан арыз-даттануулар түшкөн дарыкана мекемелерине атайын максаттуу текшерүү жүргүзүлгөн.
Рейд учурунда рецептерсиз жана кассалык чектерсиз күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз сатуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Мындан тышкары, фармацевттер так сандык эсепке алынууга тийиш болгон дары-дармектерди рецепт боюнча сатуусуз эле ушундай эле ыкма менен ишке ашырышкан.
Текшерүүлөр боюнча Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан эки дарыкана пунктунда мыйзам бузуулар аныкталган. Жалпысынан тропикамиддин 30 флакону, лириканын 38 капсуласы (прегабалин) жана 19 Сомнол таблеткасы алынган. Аталган дарыкана пункттарына Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 77-беренесинин., 1-п. жана 284-беренесинин.1-п. ылайык жалпы суммасы 79 000 сомго айып салынды
“, – деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, дары-дармек каражаттарын сатуу укугуна тиешелүү лицензиясы жок ишкердик жүргүзгөн дарыкананын бирине карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардан кийин юридикалык баа берилет.
КР ИИМдин БМЖКККнын жана Департаменттин кызматкерлери фармацевтерге рецепт көрсөтүлгөндө гана сатууга уруксат берилген, күчтүү дары-дармек каражаттарына таандык соода эрежелерин бузган учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 294-беренеси (Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу) боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

312aca43 878c 411f a840 2620355d439b Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
784c8736 47b6 4c77 a90d 4462f2467475 Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
f8445ba4 47ae 467a a89e b51559d18f5c Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
fc1ee279 1e31 4e85 a03f 2e03020661c8 Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
c6eb8a6b aaa8 4dd2 9e8e 353734823955 Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
9db357f6 8a83 4587 a222 73bfa3352860 Бишкектеги эки дарыканада таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Сүрөттөр ИИМдин басма сөз кызматына таандык