Идрис Кадыркулов Кыргызстандын үч мамлекеттеги элчиси болуп дайындалды

Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыркулов Идрис Анарбекович Киев шаарындагы резиденциясында ишти айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Молдова Республикасындагы, Болгария Республикасындагы жана Румыниядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.