Жаш жигит ижарага алган унааны башка бир адамга саткан

Чүйдүн Аламүдүн районунда жаш жигит ижарага алган унааны башка бир адамга сатып салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыр сентябрь айында 30 жаштагы Н.М. аттуу жаран «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, аны кайтарбастан башка бир адамга сатып салган. Бул боюнча унаанын ээси милицияга арыз жазып кайрылган. Ага 7 миң доллар зыян келтирилген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчлыык) боюнча кылмыш иши козголгон.

8-апрелде милиция кылмышка шектүү катары Н.М. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө уланууда.