Жогорку Кеңеш Россияга Бишкектеги жерди ижарага берүүнү колдоду

Бүгүн, 28-декбрда Жогорку Кеңеш Россиянын Чек ара кызматына Бишкектен жер тилкени 49 жылга ижарага берүүнү үч окууда жактырды.

Жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдиргендей, 2000-жылы Кыргызстан менен Россия «Чек ара кызматкерлеринин биргелешкен иш-аракеттери жөнүндө» келишим түзүп, эки тарап бир нече милдеттенмелелерди алган.

«Кыргызстандын Россиянын чек ара кызматкерлерин, үй-бүлөсүн турак жай жана казарма менен камсыз кылуу милдети болгон. Келишимге ылайык, алар 2013-жылга чейин Новопокровка айылында туруп келген. Ал жердеги имараттар жараксыз абалга келгендиктен, Бишкектеги Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан эки имаратты жеке тараптардан ижарага алып, иштетип келиптир», — деди ал.

Андан соң Россиянын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алып, жер чет элдиктерге сатылбагандыктан алар имараттар турган (ага караган) жерди ижарага алууну чечкен. Аталган жердин аянты 1 миң 480 чарчы метрди түзөт. Россия 1 миң 480 чарчы метр жерди 2 миң 901 долларга 49 жылга ижарага алат.

Эскерте кетсек, быйыл июнь айында Россиянын Чек ара кызматы Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан жерди ижарага алууну пландап жатканы белгилүү болгон.