Руслан Жакышев: Жаштар министрлиги бар экенин жаштарыбыз билбейт

Бизде жаштар иштери менен алектенген министрлик бар экенин жаштар билбейт. Мындай пикирин депутат Русланбек Жакышов бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Жаштар иштери боюнча министрликтин иши тууралуу эч кимде маалымат жок.

«Мыйзам долбоорунун негизги 3 багыты кайсылар? Бул биздин жаштарга кандай жардам берет?» — деп сурады депутат.

Депутаттар жаштар боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуулап жатышат. Баяндамачы – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков.

Надырбековдун айтымында, 2030-жылга чейин жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясы аныкталган.

«Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда биз бул концепцияны өзгөртүүдөн баштайбыз, анткени ал 2019-жылы эле кабыл алынган. Андан кийин пандемия болуп, азыр жаштардын өнүгүүсүнө шарт өзгөрдү. Биринчиден, биз жаштардын эмгек укугуна артыкчылык беребиз. Экинчиден, жаңы кесиптерди өздөштүрүү, жаштарды чыгармачылык экономикага тартуу. Үчүнчүдөн, ыктыярчылык менен алектенген уюмдар менен көбүрөөк иштешүүнү каалайбыз», – деди ал.

Андан сырткары депутат жаштардын чет жакка көп кетип жатканы боюнча маселеге токтолду.

«Азыр билимдүү жаштардын баары чет өлкөлөргө кетип жатышат. Муну кантип чечесиз? — деп сурады Жакышов.

Надырбековдун айтымында, бул алардын компетенциясына кирбейт, бирок учурда жаштар үчүн бир катар стипендиялар жана стимулдар ачылууда.