“Коопсуз шаар” элдин жон терисин сыйрыган долбоор болууда, – эл өкүлү

“Коопсуз шаар” элдин жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.

Депутат “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарандарга келип жаткан айып пул тууралуу сөз кылып, төлөнбөгөн аз айып пулдун айынан жарандар чет жерге уча албай, билеттери күйүп кеткен учурлар болуп жатканын айтып, уушундай жагдайларда айып пулду жеринен төлөп, учуп кетүүгө мүмкүндүк түзүү керектигин билдирди.

“Жакында бир жараныбыз билет алып, Америкага учуп жатканда, билети күйүп кетиптир. Болбогон сумма — 3 же 5 миң сом экен дейт, ошон үчүн уча албай калыптыр. Бул «Коопсуз шаар» эмес эле, элдин канын ичкен, жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат. Урматтуу ички иштер органдары бул маселени карап, элге жардам бериш керек. Азыр Кыргызстанда айып пулу жок унаа жок экен», — деди ал.

Бул суроого Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов жооп берип, айып пулду жеринен төлөөгө шарт түзүү үчүн иштер жүрүп жатканын белгиледи.