Өмүрбек Бакировго №637 иш бөлмө берилди

ЖК депутаты Өмүрбек Бакировго иш бөлмө берилди. Бул тууралуу Булак. кжге өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, депутатка алтынчы кабаттагы жайгашкан №637 кабинет тийди.

Эске салсак, 17-ноябрда эл өкүлү Өмүрбек Бакиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган. Эртеси Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери уруксаты жок ачып кирип, буюмдарын чыгарып салышкан. Ошондой эле депутатка кат жолдошкон.

Парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары кесиптешти Өмүрбек Бакировдун кабинетинен чыгарылышын сындап, эл өкүлүнүн макамын тебелөө катары сыпатташкан.