Акжол Махмудов Азия чемпионатында алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Махмудов 77 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, алгач ирандык Ареф Мозафарга кез келди. Аны кыргызстандык балбан 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда Акжол Махмудов кореялык Ким Хён У менен кармашты. Кореялык балбан Акжолдун далысын жерге басып жеңип алганга аз калды. Бирок Махмудов тырышчаактыгын көрсөтүп, далын бастырган жок. Жыйынтыгында 4:1 эсебинде кыргыз балбаны финалга чыкты.

Финалда кыргызстандык балбан казакстандык Максат Ережеповго каршы күчүн сынады. Махмудов Ережеповду эки упайлык көтөрүп чапканы, жеңишти алып келген ыкмасы болду. Эсеп 3:1 Акжол Махмудов Азиянын чемпион болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Тынар Шаршенбеков (63 кг) Азия чемпионатында алтын медаль багындырды.

Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Акжол Махмудов 2021-жылы Токио Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси жана 2018-жылы Азия чемпиону болгон.