Манас районунда ​ мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды

Талас ОИИБнин экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, Манас РИИБнин жана УКМК кызматкерлери менен бирдикте ыкчам иш аракеттерди алып барышууда.

Анын негизинде 2022-жылдын 14-март күнү Манас РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу жана УКМК кызматкерлери ​ тарабынан, ​ 1962-ж.т. Е. К. ​ жашаган Манас районунун Чеч-Дөбө айылында жайгашкан​ үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда ​ анын ​ үйүнөн 8-даана “Ал-Ваъй”, 2-даана “Исламий Шахиясы”, 1-даана “Ислам түзүмү”, 1-даана “Халифалык кандай кулатылган” жана 1-даана “Исламда ижтима түзүмү”, аттуу окуу ​ журналдары табылып алынган.

WhatsApp Image 2022 04 19 at 13.44.52 1 Манас районунда ​ мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды

Аталган журналдарга соттук-линвгистикалык жана дин таануу комплекстүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ​ ылайык жогоруда аталган журналдар “Хизб-Ут-Тахрир аль Ислами” экстремисттик уюмунун үгүт материалдары деп табылган.
Аталган факты боюнча Манас РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн белгилери боюнча ​ кылмыш иши козголгон.
Е.К. Талас облусунун Манас районунда туулган. Манас районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну, мурда соттолгон. 2015-жылдан бери “Хизб-Ут-Тахрир аль Ислами” экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоодо турат.
Азыркы күндө Е.К. аталган журналдарды кайсыл жактан алгандыгын, эмне максатта өзүнүн үйүндө сактап жүргөндүгүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 04 19 at 13.44.51 1 Манас районунда ​ мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды
WhatsApp Image 2022 04 19 at 13.44.52 1 1 Манас районунда ​ мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды
WhatsApp Image 2022 04 19 at 13.44.50 Манас районунда ​ мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы