Тынар Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

0
47

 Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.

Тынар Шаршенбеков 63 кг салмакта финалда казакстандык Мейрамбек Айнагуловго каршы килем үстүнө чыкты. Кармашуунун биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ири упай топтой алган жок. Бирок экинчи бөлүктө Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге басып, алтын байгени илип кетти.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө. Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.