Бишкекте самбо боюнча чемпионат өтөт

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында самбо боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 24-27-февраль күндөрү болот.

Спортчулар төмөнкү салмак категорияларында катышат:

Кыз-келиндер арасында: 50, 54, 59, 65, 72, 79, 80, +80 кг;

Эркектер арасында: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг;

Күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, +98 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 24-февраль, саат 10:00:

Салтанаттуу ачылыш аземи: 24-февраль, саат 16:00.