«20 жылдын ичинде Кыргызстан менен 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды»,- Эмомали Рахмон

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын жетекчилери жана активисттери менен жолугушууда чек ара маселесине да токтолду. Анын айтымында, тажик тарап 2002-жылдан бери Кыргызстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат.

«20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды»,- деп билдирди Рахмон. Анын сөзүн тажик президентинин сайты басып чыгарды.

Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты, адистердин ишин талап кылган жараян экенин белгиледи.

“Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деген ойду бекем карманат. Андыктан Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияларга алдырбоо зарыл”, — деп белгиледи тажик мамлекет башчысы.

16-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чек аранын 664 чакырымы такталганын, тактоо иштери жай жүрүп жатканын айткан.