Чүйдө 1998-жылы туулган жаран үйгө кирип уюлдук телефондорду, 60 миң сом, 500 АКШ долларын уурдап кеткен

Москва районунда уурулукка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 12-апрелинде Москва РИИБине 1957-жылы туулган К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, уюлдук телефондорун жана 60 миң сомун, 500 АКШ долларын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Чүй облустук ИИББнын жана Москва РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1998-жылы туулган И.М. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.