Мурунку «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имаратында өрт чыкты

Бишкектин Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан мурунку «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имаратында өрт чыкты. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.

Маал болгондой, өрт 16-апрелде болжол менен саат 17.30дарда чыккан. Окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган.Жалын бир сааттан кийин өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, имараттын 3-4 чарчы метри күйүп кеткен.Ушу тапта кырсыктын себеби такталууда, жабыркагандар жок.