Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 13-апрель күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгында ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковтордун катышуусунда Лейлек РИИБге милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 04 13 at 09.09.41 Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды


“Газ-Соболь” үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабылдамасы Лейлек РИИБне берилип, район аймагынан алыста жашаган жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам болот.


Мындан сырткары милиция кызматкерлери үчүн байланыш каражаттарын, оргтехникаларды тапшырды.

WhatsApp Image 2022 04 13 at 09.09.42 Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды