Баткенде эки айыл өкмөт башчысы үй камагына чыгарылды

Баткен облустук соту 13-апрелде Бешкент айыл өкмөтүнүнүн башчысы Бекжан Жалиловду жана Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу жактоочу Асылбек Кунгуров билдирди.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, азыр айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев, ушул эле айылдын мурдагы башчысы, азыр Бешкент айыл өкмөтүнүн жетекчиси Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн азыркы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалганы 25-мартта белгилүү болгон.

Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылып, Эгембердиев менен Жалилов 3-апрелге чейин камакта калган.

Мурдагы айыл башчылары мамлекеттик мүлктөрдүн мыйзамсыз менчиктешип кеткенин ачык айтып чыккандан кийин аларга карата мурда козголгон кылмыш иши кайра жанданган.

Быйыл март айында журналист Ыдырыс Исаковдун бул айылдагы жер маселеси тууралуу иликтөөсү жарыяланды. Журналисттик иликтөөдө аталган айыл өкмөтүн мурдагы башчысы жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени тууралуу Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов айтып чыккан.