Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы камалды

Улуттук коопсуздук комитети Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы камалган жагдай тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ш.Н.Ш. Кылмыш-жаза кодексиндеги «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» беренелери менен козголгон кылмыш иштин алкагында 25-августта кармалган.

«Ал Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, кайсы бир кызыкдар тараптардын кызыкчылыгын коргоп, компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүп жана коркутуу аркылуу тендерлерге катышып, жеңи ичинен келишип алган компаниялардын утушуна көмөктөшкөн. Кылмыштуу кирешелерди адалдоо максатында айыл өкмөтүн башкарып турганда, башка фигуранттарга каттаттуу жолу менен бир топ мүлккө ээ болгон»,-деп жазылган маалыматта.

УКМКнын ырасташынча, кылмышка шектүүнү 20 жер тилкеси, 29 машинасы, алты жер тамы, 31 батири, алты рестораны, үч сарайы, беш цехи, бетон заводу, соода борбору, спорт комплекси, кум жана шагыл чыгарылган карьери, техникалык тейлөө станциясы жана унаа токтотуучу жайы болгон. Бул мүлктөрдүн дээрлик көбү Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан.