Талас ОИИБде саптык кароо өткөрүлдү

Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.
Маалыматка караганда, 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар көрүлүүдө. Облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери толугу менен саптык кароодон өтүп, майрамдык иш-чараларга даярдыктарын көрсөттү. 31-август күнү иш чаралар болгон жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларга жол бербөө жана кызматкерлер талапка ылайык мыйзамдуулукту сактоо керектиги эскертилди.


“Тиешелүү буйруктар жеткирилди. Анда облустук өздүк курам толугу менен күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөөрү жана анда ар бир кызматтын тапшырмалары жеткирилди. Шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрү дагы ушундай иш-чараларды өткөрүп, жетекчиликтин талаптарын аткарууга киришишти”, – деп айтылат Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

7e3fe2be cadb 40a2 89cc ea6075d4f1e8 Талас ОИИБде саптык кароо өткөрүлдү