Бишкекте каракчылык кылууга шектүүлөр кармалды

Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-июлда болжол менен саат 23:00до Жибек-Жолу көчөсүндө (Батыш унаа бекети жакта) белгисиз адамдар шаар тургунун (Э.Т.) бычак менен коркутуп, 5 миң сом акчасын жана баасы 12 миң сомдук Redmi 10 телефонун тартып алышкан. Бул боюнча шаар тургуну милицияга кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2003-жылы туулган А.Т., А.Б. жана 2005-жылы туулган И.Р. аттуу жарандар кармалган. Алар райондук милициянын тергөө кызматы жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, тергөө учурунда, кармалгандар ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.