Кыргыз аскерлери Белоруссиядагы машыгууга катышуу үчүн барды

27-августта Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти Белоруссияда өтүүчү биргелешкен стратегиялык-оперативдик «Күжүрмөн боордоштук – 2023» машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Беларусь жана Орусиянын аскердик контингенттери катышат.

Машыгуу 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларусь полигондорунда өтөт.