Бишкекке Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлеринин делегациясы иш сапары менен келди

Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 28-август күнү Россия Федерациясынын ИИМдин Борбордук аппаратынын ардагерлеринин делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, милициянын отставкадагы генерал-полковниги Феликс Кулов, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаев, милициянын отставкадагы генерал-майору Абдыкапар Мавлянов, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз секциясынын президенти, отставкадагы генерал-майор Шейшенбек Байзаков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдрахманов жана ИИМдин башка ардагерлери катышышты.


Жалпысынан делегациянын курамына Москва шаарынын жана Москва облусунун ички иштер органдарынын борбордук аппаратынын ардагерлеринин аймактык коомдук уюмунун 13 ардагери кирет.


Аталган визиттин максаты-укук тартибин бекемдөө, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлер кеңештеринин ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүү жана достукту чыңдоо. Ошондой эле, ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен жаш муундун ортосунда ишеним мамилелерин орнотуу.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов куттуктоо сөзү менен ачып, өз сөзүндө: “бүгүн бул жерге эмгеги баа жеткис, көп жылдык кесиптик тажрыйбасы бар жана жалпы улуу муундар чогулду. Сиздер көп жылдык тажрыйбаңызды жана кесиптик чеберчилигиңизди жаш адистерге өткөрүп, ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн артыкчылыктарын, ар бир кызматкер ээ болушу керек болгон негизги жөндөмдөрдү эске салып, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө баа жеткис салым кошуп келесиздер.


Татыктуу эс алууга чыккандан кийин да, сиздер өзүңүздөрдүн бүткүл өмүрүнүздөрдү ишиңиздерге ар дайым берилгендик менен сактап, ички иштер органдарынын иш-чараларына, жаштарды патриоттук тарбиялоого активдүү катышып келесиздер”.
Жолугушуунун алкагында ардагерлердин делегациясы мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскеришти. ИИМ административдик имаратына жана ИИМдин милициянын полковниги С.Наматбаев атындагы борбордук музейине барышып, ички иштер органдарынын калыптануу тарыхы, иши жана функциялары менен жакындан таанышты.
Мындан тышкары, жолугушууга келген ардагерлер эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнүн башталышында оор жылдарда ички иштер органдарында иштөөгө туура келгенин белгилешти. Ардагерлер, азыркы милиция кызматкерлеринин милдети, албетте, кесипкөйлүккө доо кетирбей, өзүн-өзү өнүктүрүү менен дайыма алектенип, чыгармачылык жана спорттук жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү экендигин баса белгилешти. Ал эми улуу кесиптештери, дайындалган насаатчылар жана ардагерлер жаш кызматкерлерге кеңештерин айтып жардам бериши керек.


“Иш-чаранын соңунда ардагерлер ИИМдин жетекчилигине көңүл бургандыгы жана ардагерлер кыймылына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Жолугушуунун соңунда ардагерлерге активдүү жана үзүрлүү эмгеги, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон зор жеке салымы үчүн төш белгилер жана белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, ардагерлердин 27-августтан 1-сентябрга чейин ардагерлер Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Дзержинец” эс алуу борборуна, Бишкек шаарына келүү жана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө баруу каралган, – деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.

3e858dfa 072a 44b3 8751 336943915e34 Бишкекке Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлеринин делегациясы иш сапары менен келди
7a59c936 a971 4e09 80c2 8f86020db451 Бишкекке Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлеринин делегациясы иш сапары менен келди
e9e0db87 48c7 4b00 94b1 30f5e1e66b49 Бишкекке Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлеринин делегациясы иш сапары менен келди