“Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү жактоочусу кармалды

Чүй облусунда экстремисттик материалдарды тараткан “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, «Фейсбук» социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн А.К. аттуу колдонуучунун аккаунту аныкталган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Таратууга шектелип, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун идеологияларынын активдүү жактоочусу, 48 жаштагы А.М. аттуу жаран аныкталып, социалдык тармакка катталып, колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси “Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери улантылууда.