Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо мыйзам бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Алардын ичинде:

  • шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу боюнча – 3;
  • администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалануу боюнча – 1.

Учурда шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуунун 2 фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө:

  • Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жаштык көчөсүндө шагыл түшүрүү фактысы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.
  • Ош облусунун Араван районунун Юсупов  айылында шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу жөнүндө Д.Бнын Фейсбук соцбетинде жарыяланган маалыматы боюнча Ош облусунун Араван районунун ИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

«Ата Журт» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу фактысы боюнча Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу  жөнүндө токтом чыгарылды.

  • «Күчтүү Коом» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер А. Алымкуловго карата «Ишеним», «Альянс», «Социал-демократтар» саясий партияларынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арызы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу  жөнүндө токтом чыгарылды.

Ушул жылдын 10-апрелде БШКнын жанаАШКлардын ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууларга үзгүлтүксүз жана өз убагында байкоо жүргүзүлүп, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка токтоосуз маалымат берилип турган.

Шайлоо процессинин катышуучуларынан түшкөн даттануулар жана арыздар укук коргоо органдары тарабынан БШКнын ЫЧКТы менен өз ара аракеттешип, ыкчам каралды.