Адамдын төрөлүшүн жана өлүмүн онлайн системанын пилоттук долбоору ишке киргизилди

0
31

Бүгүн, 12-апрелде Бишкектеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде адамдын төрөлүшүн жана өлүмүн онлайн түрдө каттоого алуучу санариптик системанын пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган система адамдын төрөлгөнүн онлайн түрдө борборлоштурулган каттоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле эне жана бала тууралуу негизги көрсөткүчтөрдү, төрөт жана ден соолукка байланышкан маанилүү маалыматтарды каттоого алууга шарт түзөт. Мындан тышкары адамдын өлүмүн дүйнөлүк тажрыйбага ылайык өлүм себебин көрсөтүү менен тизмеге киргизет.

Министрликтен белгилешкендей, система адамдын турмуштук абалы тууралуу маалыматтарды толугу менен санариптештирүү максатында ишке ашырылды. Муну менен катар тиешелүү документтерди бирдиктүү форматта алуу жеңилдигин жаратары белгиленди.

Долбоор саламаттыкты сактоо тармагын санариптик жактан максаттуу өнүктүрүүнүн жана “Санарип МЕD” программасынын алкагында иштелип чыккан.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.