Орусияда эне жаңы төрөгөн ымыркайын өлтүрүп, таштандыга таштап салган

Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык аталган окуя Калуга шаарында болгон. 20-мартта батирлердин биринде аял жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүп, баштыкка салып таштандыга ыргытып жиберген. Ымыркайдын сөөгүн таштандыларды кайра иштетүүчү заводдон табышкан.

Көп өтпөй 30 жаштагы эне кармалып, Россиянын тергөө комитети шектүүнү 48 саатка камакка алды, ага карата чара көрүлөт. Генетикалык соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, ал аял ымыркайдын энеси экендиги аныкталган.

Белгилеп кетсек, шектүүнүн үй-бүлөсү буга чейин эле мамлеткеттин көзөмөлүнө алынган болчу.