Сот жаңы төрөлгөн ымыркайын сатууга аракет кылган аялды үй камагына чыгарды

Ысык-Ата райондук соту жаңы төрөлгөн ымыркайын сатууга аракет кылган аялды үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун чечими менен айыпталуучуга карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. 

Эске салсак, Ысык-Ата районунда 25 жаштагы З.С. төрөлө элек наристесин 27 жаштагы Б.Ф.га 100 миң сом, IPhone 12Pro жана Орусияга билет үчүн сатууга макул болгон. Ошондой эле Б.Ф. Ысык-Ата районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунунун кызматкери менен макулдашып, анын атына картаны алмаштарып берген. 20-майда аталган оорукананын төрөт үйүндө З.С. ымыркайды сатып ала турган аялдын аты менен кыз төрөгөн. 

Аталган окуя тууралуу Ысык-Ата РИИБи кабардар болуп, ымыркайды сатуу ишине бөгөт койгон.