Чек арада тажик тарап минометтон ок чыгарды

Мамлекеттик чек ара кызматы 12-апрелде Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, тажик тараптан бир чек арачы октон жараат алганын кабарлады. Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон.

Бирок, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра ок атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы жараат алган. Тажик чек арачылары Достук айылын миномёттон аткыланганы кабарланды.

Расмий маалыматта, “Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени” айтылды.

“Алар “Чек ара сызыгынан өтпөгүлө” деген эскертүүгө баш ийген эмес. Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган”,- деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Бул окуя боюнча Тажикстан эч кандай комментарий бере элек.

Ок атышуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин токтогон. Бирок, сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда кайра ок атышуу болуп, кыргызстандык бир чек арачы жараат алган.

“Кечки саат 21:17 чамасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аскер чек арачыларына ок чыгарышкан. Кайрадан ок атышуу орун алып 30 минутага жакын созулган. Кийинки орун алган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жаракат алган. Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады. УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат”,-деп кабарлады Чек ара кызматы.

Абалды туруктуу кармоо, кырдаалды курчутпоо боюнча жеринде сүйлөшүүлөр жүрүүдө.