Чек арада кайрадан ок атылды. Тажик аскери жарадар

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Селкана аймагында кызмат өтөп жатканда тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынын жыйырма чарчы метрге чейин кирип келишкен. Кыргыз тарап тажик чек арачыларына алар чек араны бузуп, кирип келигендигин айтышканда, эч бир этибарга албай токтошкон эмес.

Кыргызстандын аймагына мыйзамды бузуп келгендерге кыргыз тараптан ок асманга атылган. Тажик тарап кайра жооп кылып, ок аткылашкан.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атышуу токтотулган.

Кыргыз тараптан жабыркагандар жок, ал эми Тажикстандын бир аскерине ок тийген.

Учурда кырдаалды алдын алуу үчүн Лейлектин башчылары Ганчин районунун башчылары менен баарлашып жатат.

Азыркы маалда 21: 20 минутада чек арада кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматкерлери абалды көзөмөлдөп жатышат.