Билим берүү жана илим министрлигинин «Китеп басып чыгаруу тармагындагы саясаты» талкууланды

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Китеп басып чыгаруу тармагындагы саясаты» талкууланды.

Министр Бейшеналиевдин айтымында, 1-сентябрдан тарта жаңы китеп басуу саясаты жүрөт.

«Кыргызстанда сапаттуу китеп менен окуучуларыбызды кандай камсыз кылабыз деген маселе турат. Бүгүнкү күндө бюджетибизге жылына 120 миллион сомдун тегерегинде китеп басып чыгарууга акча бөлүнөт. Бирок орто мектептер үчүн бир жылда бул минималдуу 600 млн сомдун тегерегинде акча каражатына муктаж.

Аны камсыздоо жагынан негизинен биздин Министрлер кабинетинин жана өлкөбүздүн бюджети жетиштүү болгону менен биз ортобузда жарыш болсун, китептерди басууда кандайдыр бир чыгармачылык менен иш алып барсын деп китеп баскан басма үйлөргө кайрылып жатабыз, ушу сапаттуу китептерди жазууда, авторлор менен иштешүүдө андан сырткары китепти окуучуга жеткиликтүүлүгүн да карап, иш алып баруудабыз.

Бүгүн биз мамлекетти гана күтүп олтура бербестен, практикада китептерди дээрлик ата-энелер өздөрү сатып алып жатышат. Ошол нерсени мыйзамдаштырып, мамлекет өзүнүн камсыз кылчу жагын төлөп берүү аракетин көрүп жатабыз», — деди министр.