Баткенде телефон кубаттоодон өрт чыкты

Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге бүгүн эртең мененки саат 08:29да Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын Акжол көчөсүндө өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Баткен шаарындагы №26 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 08:50дө өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрт телефонду кубаттоодон келип чыккан. Өрттүн кесепетинен смартфон, фен жана палас күйгөн.

Жабыркагандар болгон жок.