Чүйдө айыл чарба багытындагы 21 млн 816 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 140,0 га жер тилкелери кайтарылды

Чүйдө айыл чарба багытындагы 21 млн 816 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 140,0 га жер тилкелери айыл өкмөттүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди инвентаризациялоонун жүрүшүндө 15 түрдүү контурдагы 140 гектар айыл чарба жерлерин көп жылдар бою белгисиз адамдар тиешелүү документтери жок мыйзамсыз пайдаланып келишкендиги аныкталган.