Оппозициячыл кыймыл тегерек стол өткөрүп, анда резолюция кабыл алды

Бүгүн, 5-апрелде Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм «Апрель революциясы: жетишкендиктер менен кемчиликтер» аталышындагы тегерек стол өткөрдү.

Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, коомдук ишмер, генерал Исмаил Исаков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчы Бектур Асанов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана башкалар катышты.

Анда сот системасы, адам укуктары, сөз эркиндигин чектөө сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

  • Укук коргоо органдарын, сот системасын, жергиликтүү бийликти, бийликке караштуу ММК колдонуу аркылуу бийликтин оппоненттерин жана оппозиционерлерди, жарандык активисттерди, журналисттерди, медианы саясий куугунтукка алууну токтотууга;
  • Сот институттарына ишенимди кайрып берүү жана сот акыйкаттыгын камсыздоо үчүн реалдуу сот реформасын ишке ашырууга;
  • Сөз эркиндигин чектөөнү токтотуу, көз карандысыз ММКларга, блогерлерге элге чын маалыматты бере турган өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарышына чектөө койбой, КР Конституциясына ылайык элдин туура маалымат алуу укугунан ажыратпаш керек;
  • Стратегиялык маселелер боюнча бийликтин чечимдерин элге ачык тааныштырып, мындан тышкары «кустуризациядан» жыйналган каражаттар боюнча толук маалымат берүүгө;
  • Оппозиция, жарандык коом менен ачык диалог өткөрүп, аны телеканалдар аркылуу чагылдырып, онлайн берүүлөрдү уюштурууга;
  • Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүнү камсыздоо;
  • Күч структуралары: ИИМ, УКМК бийликтин колундагы басым көрсөтүүчү курал эмес, адам укугун коргой турган өздөрүнүн түздөн түз милдеттерин аткарышы керек.