Унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактысы аныкталды

Ата мекендик өндүрүүчүлөр унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө республиканын аймагында ата мекендик өндүрүүчүлөр коңшу мамлекеттерден алып келинген унду, жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө сатуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, ички рынокто алып келүүчүлөр түздөн-түз ички же импорттук дандан өндүрүлгөн ундун дүң баасы кошумча наркка салыгынан бошотулгандан кийин 50 килограм ун 1500 сомду түзөт, ал эми суроо-талапка болгон импорттук ундун баасы учурда болжол менен 2100 сомду түзөт.

1338864.73828b0f48a697981c148144f4ba0245 Унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактысы аныкталды

Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда унга рынок бааны турукташтыруу максатында Министрлер кабинети дандын импортуна жана ата мекендик өндүрүүчүлөр ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгына нөлдүк ставка кабыл алган. Жеңилдиктер 2022-жылдын 1-августуна чейин жарактуу.

1338866.9b0433ffa8f88f2eda6676b8c4e3075a Унду жасалма товардык белги менен жогорулатылган баада массалык түрдө өндүрүү жана сатуу фактысы аныкталды

«Бирок абийирсиз ири жеткирип берүүчүлөр жана ун өндүрүүчүлөр КНС салыгы төлөм менен, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн импорттолгон ундун жасалма товардык белгилерин колдонуу менен, унду жогорулатылган баада сатууга кызыкдар болушууда. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгү (башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаранга таандык, КНСтин нөлдүк ставкасы менен импорттолгон дандан жасалма «Эталон» соода маркасы менен ун өндүрүү процессин жолго салуучу Бишкек шаарынын аймагында жасалма «Эталон» маркасындагы ун Чүй облусунун Сокулук районундагы ун комбинатында даярдалып, сатылып жаткандыгы аныкталган. Аталган ун чыгаруучу ишкананы тинтүү учурунда 350 тоннага жакын унду таңгактоо жана андан ары сатуу үчүн даярдалган жасалма “Эталон” товардык белгиси бар 200 каптан ашык ар бири (50 кг) түзгөн ун жана 7 миң бош кап табылган»,- деп айтылат маалыматта.