Хирургиялык кол каптарды Кыргызстандын аймагында өндүрүү боюнча келишимге кол коюлду

Кечээ, 4-апрелде Бишкекте Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү боюнча агенттик менен кызматташуу боюнча макулдашуу бекитилди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Анын алкагында «Дентафилл Плюс» ЖЧКсы (Өзбекстан) жана «АЮ ФАРМ» ЖЧКсы (Кыргызстан) хирургиялык кол каптарды Кыргызстандын аймагында өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

4ca8c5b3 0eb4 46e3 9a7a c1535ba4b9a8 Хирургиялык кол каптарды Кыргызстандын аймагында өндүрүү боюнча келишимге кол коюлду

«Ошондой эле фармацевтика жаатында инвестициялык кызматташууну камтыйт жана андан ары дары-дармектерди өндүрүүнү көздөйт»,- деп айтылат маалыматта.