Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү: 33 жаштагы блогер 1 айга камакка алынды

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча кармалган 33 жаштагы блогер 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы, 29-мартта, Баткен райондук сотунда каралган. «Баткен райондук сотунун 29-марттагы токтому менен, шектүү Ж.Б.нын бөгөт коюу чарасы каралып, 1 айга, тактап айтканда, 26-апрелге чейин камакка алынды. Ал ЖАМКтын Жалал-Абад шаарындагы 53-мекемесине киргизилет»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Баткен ОИИБ маалымат таратып, маркум Арзыгүл Галымбетова Баткен ОИИБге барып, “Батма-бат” ютуб каналында иштеген блогер кыз «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деген таризде арыз менен кайрылганын, Баткен шаарынын 33 тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирген.

AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова 26-мартта көз жумду. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактарды чагылдырып келген. 38 жаштагы журналисттин жүрөгү токтоп калган.

Арзыгүл Галымбетова 1984-жылы 24-ноябрда Баткен шаарында туулган.

2009-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде журналистика жана информатика факультетин окуп бүтүргөн. Эмгек жолун 2007-жылы «Эхо Манас» телерадиокомпаниясында алып баруучу болуу менен баштаган.

2007-2008-жылдары «Кыргызстан обондору» радиостанциясында кабарчы жана радио алып баруучу болгон.

2008-2009-жылдары «КТР ОБО» гезитинде кабарчы болуп эмгектенген.

2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинде кабарчы, Баткен облусундагы өкүлү болчу.