“Түштүк-Батыш” бажысында аткезчилик товар аныкталды

“Түштүк-Батыш” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аткезчилик товар аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда Кыргызстандын жаранынын башкаруусунда Krone үлгүсүндөгү жарым чиркегич менен Volvo АР-12 үлгүсүндөгү транспорт каражаты токтотулган.

Жүк транспортун кароодо жалпы салмагы 20 200 килограммды түзгөн, коштоочу документтери жок сабиз табылган. “Эксперт Оценка” ЖЧКсы Көз карандысыз экспертиза жана баалоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар наркы 505 миң сомду түзөт. Факт катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына берилген.